# Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 28-4 "Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 28-4 "Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28-4
- Дата принятия: 19.11.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.11.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/401329>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40587/edition/865348/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.11.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 28-4 "Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.11.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/401329

---

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXVIII сессиясы

2016-жылдын 19-августу № 28-4 Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 7- ноябрындагы № 1 протоколун туруктуу комиссиядакарап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 7- ноябрындагы № 1 протоколу бекитилсин жана “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.

2. Жаныдан ачылган “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга имараттын ээси менен келишим түзүү, тиешелүү органдардан макулдук алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Балдар бакчасын ачууга макулдук берүү, каржылоону Республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С. Турдуев
