Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин «Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-августу № 28-4 Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 7- ноябрындагы № 1 протоколун туруктуу комиссиядакарап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылына “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 7- ноябрындагы № 1 протоколу бекитилсин жана “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаныдан ачылган “Акылай-Куту” балдар бакчасын ачууга имараттын ээси менен келишим түзүү, тиешелүү органдардан макулдук алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасын ачууга макулдук берүү, каржылоону Республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
С. Турдуев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О дошкольном образовании»Закон · 29.06.2009 · № 198 · Утратил силу