Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Коюн айылдык Кеңешинин Кара-Булуң айылынын тургуну «Алтын-Ашык» дыйкан чарбасынын жетекчиси Тентиев Адылбектин 31-июнь 2017-жылдагы жазган кайрылуусунда асыл тукум мал өстүрүү үчүн малдын өсүмдүүлүгүн текшерип турууга таразага тартуучу жай, ветеринардык жактан тейлөөчү пункт, жайыт комитетин ишин жеңилдетүү үчүн мал саноочу жай салууга жер аянтын берүү сунуштоо жөнүндө
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6-чакырылышынын кезексиз 5-чи сессиясы
2017-жылдын 6-июлу № 2 Кара-Булуң айылынын тургуну «Алтын-Ашык» дыйкан чарбасынын жетекчиси Тентиев Адылбектин 31-июнь 2017-жылдагы жазган кайрылуусунда асыл тукум мал өстүрүү үчүн малдын өсүмдүүлүгүн текшерип турууга таразага тартуучу жай, ветеринардык жактан тейлөөчү пункт, жайыт комитетин ишин жеңилдетүү үчүн мал саноочу жай салууга жер аянтын берүү сунуштоо жөнүндө Кара-Коюн айыл аймагынын жана Кара-Булуң айылынын тургуну «Алтын-Ашык» дыйкан чарбасынын жетекчиси Тентиев Адылбектин 31-июнь 2017-жылдагы жазган кайрылуусунда асыл тукум мал өстүрүү үчүн малдын өсүмдүүлүгүн текшерип турууга таразага тартуучу жай, ветеринардык жактан тейлөөчү пункт, жайыт комитетин ишин жеңилдетүү үчүн мал саноочу жай салууга жана жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 3-июль 2017-жылдагы №34 корутундусун карап талкуулап чыгып Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Коюн айыл аймагынын «Беш-Сары» участогунан № 32 контурунан 2(эки)га жер аянтын малдын өсүмдүүлүгүн текшерип турууга таразага тартуучу жай, ветеринардык жактан тейлөөчү пункт, жайыт комитетин ишин жеңилдетүү үчүн мал саноочу жай салууга жайыт жерлер түрүнөн «курулуш алдындагы» жерлер түрүнө которууга сунушталсын.
Төрага
Ш.Апысов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.