# Абдрахманов айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 21-майындагы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Абдрахманов айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 21-майындагы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 35
- Дата принятия: 21.05.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/401113>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40374/edition/859551/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Абдрахманов айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 21-майындагы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» токтому (ред. от 21.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/401113

---

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII- чакырылышынын кезексиз чакырылган V – сессиясы

2017-жылдын 21-майы № 35 «Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүш-техникалык муктаждыктарын канааттандыруу, аларга техникалык колдоо көрсөтүү,айыл аймагынын тазалыгын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу,жаӊы киреше булактарын ишке киргизүү боюнча Абдрахманов айыл аймагынын башчысы У С Апсатаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Абдрахманов айыл Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесине таянып «Жарк-аква» ишканасына «Амкадор ЕВ» эксковаторун алууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет жана инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.

3.Токтом райондук ММКга жарыялансын, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

Төрага

Т Б Исмаилов
