# Нарын шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 4 “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өнүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 4 “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өнүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 17.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/401060>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40321/edition/902828/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 4 “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өнүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтому (ред. от 17.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/401060

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXIII СЕССИЯСЫ

2016-жылдын 17-августу № 4 “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өнүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 392 буйругу менен мамлекеттик менчикте турган жылуулук ишканаларын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тизмесине Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси кирген. 2016-жылдын 13-июулунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жылуулук менен жабдылуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды беррүүнун өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламентөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” №391 токтому кабыл алынган. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясы Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси Нарын шаардык Кеңешине 2016-жылдын 16-августунда № 03\\53 чыгыш каты менен жылуулук ишканасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына, өндүрүштүк бирикмеге тиешелүү обьект, инфраструктуралар, транспорт каражаттары менен биргеликте өткөрүп алуу боюнча кайрылган. Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп алуу боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун жана бирикменинин жетекчиси У.Айтиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы №392 буйругуна жана 2016-жылдын 13-июулунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жылуулук менен жабдылуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламентөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” № 391 токтомуна ылайык Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси Нарын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп алынсын. Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин Нарын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп алууга байланыштуу иш аракеттерди Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине тапшырылсын. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

Э.Турсуналиев
