Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өнүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXIII СЕССИЯСЫ
2016-жылдын 17-августу № 4 “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өнүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 392 буйругу менен мамлекеттик менчикте турган жылуулук ишканаларын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тизмесине Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси кирген. 2016-жылдын 13-июулунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жылуулук менен жабдылуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды беррүүнун өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламентөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” №391 токтому кабыл алынган. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясы Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси Нарын шаардык Кеңешине 2016-жылдын 16-августунда № 03\53 чыгыш каты менен жылуулук ишканасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына, өндүрүштүк бирикмеге тиешелүү обьект, инфраструктуралар, транспорт каражаттары менен биргеликте өткөрүп алуу боюнча кайрылган. Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп алуу боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун жана бирикменинин жетекчиси У.Айтиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы №392 буйругуна жана 2016-жылдын 13-июулунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жылуулук менен жабдылуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламентөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” № 391 токтомуна ылайык Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси Нарын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп алынсын. Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин Нарын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп алууга байланыштуу иш аракеттерди Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине тапшырылсын. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага
Э.Турсуналиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.