# Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № I/5 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № I/5 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: I/5
- Дата принятия: 02.02.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.02.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/400068>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-40226/edition/872806/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.02.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № I/5 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому (ред. от 02.02.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/400068

---

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2018-жылдын 2-февралы № I/5 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» дорборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017- жылдагы № 32 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 25-январь 2018-жылдагы Актысы бекитилсин. (Акт тиркелет)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жер жана турак жай боюнча адиси У.Кожомбердиевке милдеттенддирилсин.

Төрага: А.Мурзалиев

«Жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө АКТ 25-январь 2018-ж. Нарын облусу Ат-Башы району Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү

1.Бул акт Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы №32 буйругуна ылайык жер фондун инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамындагы жумушчу топ комиссия түзүлдү;

Жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси:

У.Кожомбердиев Айыл өкмөтүнүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси комиссиянын төрагасы

Жумушчу топтун (комиссиянын)мүчөлөрү:

Ж.Нурманбетов Жайыт комитетинин төрагасы

А.Мурзалиев Айылдык кенештин төрагасы

А.Айбашов Айылдык кенештин депутаты

Т.Асаналиев Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын жетектөөчү адиси

М.Жанбоев Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын башкы адиси

И.Касмамбетов Ат-Башы райондук мамкаттоо башкармасынын жетектөөчү адиси

М.Асаналиев Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Анткени,2017-жылдын 04-апрелинен баштап 2018-жылдын 25-январына чейин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айыл аймагында талаага чыгып изилдөө жолу менен жалпы 118188 гектар аянтына жер фондусуна инвентаризациялоо жүргүзүлдү.

2. Инвентаризациялоо жүргүзүүдө төмөнкү материалдар колдонулду:

-Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылдык округунун административдик чек араларын тактоо долбоору 2012-ж; -Ача-Кайынды айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун(АЖМФ)жерлерин инвентаризациялоо материалдары 2009-ж; -Ача-Кайынды айыл аймагынын Ача-Кайынды калктуу конуштарынын чек араларын тактоо долбоору 2017-ж; -Ача-Кайынды айыл аймагынын жерди инвентаризациялоо материалы 1994-ж; -Ача-Кайынды айыл аймагынын 01.01.2016-жылга карата түзүлгөн жер отчету.;

3. Жерди инвентаризациялоонун натыйжалары белгиленген форма боюнча түзүлгөн отчетто көрсөтүлдү,жер фондусунун экспликациясы тиркелет.

4. Жумушчу тобунун корутундусу жана сунушу:

Ак-Сай өрөөнундөгү Муз-Булак участкасындагы Нарын району пайдаланган жайыт жерлерин тактоо,АЖМФнын жерлеринен үлүш алган айл тургундарына жер аянттарын тактоо,айыл тургундары короо-сарай куруп пайдаланган жер аянттарын картага түшүрүү.Ошондой эле айылдын ички жайыт жерине жана алыскы жайыт жерине малдын өлүгүн таштоочу яма беккари жерлерин калтыруу. Жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси: У.Кожомбердиев. Жумушчу топтун(комиссиянын)мүчөлөрү: Ж.Нурмамбетов.

А.Мурзалиев.

А.Айбашов.

Т.Асаналиев.

М.Жанбоев

И.Касманбетов

М.Асаналиев.

5. Бул Акт үч нускада түзүлдү,айыл өкмөтүнө 1 нуска,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясына 1нуска,райондук комиссияга 1нуска.
