Корул айылдык Кеңешинин «Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 38- кезексиз заседаниеси
2016-жылдын 29-сентябры № 38/5 Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең–Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалынын жеңил машинасы кыш мезгилинде жана жаз мезгилинде суу ташкындары көбөйгөн учурларда бир топ кыйынчылыктар болгондуктан жана убактылуу жеңил конструкциядагы дүкөнчө салууга Корул айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалыга 35 м.кв жер аянты убактылуу жеңил конструкциядагы гараж салуу үчүн, 0,50 м.кв. жер аянты дүкөнчө куруу үчүн Кең-Жылга айылынын Туюк участкасынан, Ж.Алимов атындагы орто мектебинин маңдайынан жолдун четинен айыл чарбасына жараксыз жеринен ыңгайына жараша караштырып, мыйзам чегинде (бирөөлөргө тоскоолдугу, талашы жок жерлерден) бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин
Төрага
Т. Маназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
Связи документа
ссылается на 1 · на него ссылаются 0 · связанные 1
Документ ссылается на (1)
- Закон «О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.11.2011 · № 213 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным официального источника, без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу