Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү максатында көзөмөлчү кеңештин мүчөлөрүнүн тизмесин бекитип берүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин кезектеги ХII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 21-ноябры №5 Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү максатында көзөмөлчү кеңештин мүчөлөрүнүн тизмесин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81-Мыйзамына ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү максатында көзөмөлчү кеңештин мүчөлөрүн бекитип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясы кат менен кайрылган. Нарын шаардык мэриясынын катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык , билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт “боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда маселе каралып, талкууланган Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81-Мыйзамына жана Нарын шаардык мэриясынын катына ылайык, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү максатында көзөмөлчү кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси (тиркеме тиркелет)бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана иш алып баруу жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдүккө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага
Ж. Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,шаардык мэрияга. 5-токтомго тиркеме Нарын шаарындагы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешине сунушталган мүчөлөрдүн тизмеси
№
А.А.А.
Кызматы
Милдети
1
Мукамбетов Сталбек Бейшебаевич
Нарын шаардык Кеңешинин депутаты
Мүчөсү
2
Калмамбетова Анаркүл Кыдыковна
Нарын шардык Кеңешинин депутаты
Мүчөсү
3
Токошев Айбек Муратбекович
Нарын шаардык Кеңешинин депутаты
Мүчөсү
4
Курманов Давид Үсөнбекович
Нарын шаардык Кеңешинин депутаты
Мүчөсү
5
Сакыбаев Майрамбек Сыдыкович
Нарын шаардык Кеңешинин депутаты
Мүчөсү
6
Казиева Элмира Муктаровна
Нарын шаардык Кеңешинин депутаты
Мүчөсү
7
УрүстөмовЖекшен Исагулович
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын начальниги
Мүчөсү
8
ЖапаралиеваАкылай Өмүрбековна
Нарын шаардык Кеңешинин башкы адиси
Мүчөсү
9
Эсенаманова Салтанат Кадыровна
Нарын шаарынын вице-мэри
Мүчөсү
10
Аалиева Дамира
Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкер
Мүчөсү
11
Сооронбаев Болот
Нарын райондук ооруларды алдыналуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору
Мүчөсү
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О попечительском совете»Закон · 30.05.2014 · № 81