# Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 303/40-6 "Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 303/40-6 "Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 303/40-6
- Дата принятия: 17.11.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.11.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29848>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4077/edition/761471/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.11.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 303/40-6 "Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу жөнүндө" токтому (ред. от 17.11.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29848

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз XXXX сессиясы

2016-жылдын 17-ноябры № 303/40-6 Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2016-жылдагы №01-1/1399 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаарынын инфраструктурасын ондоо жана калыбына келтирүү боюнча приоритеттүү зарыл объектилерди ишке ашыруу үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондусунан акча каражат суроо максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн жалпы 14529445 (он төрт миллион беш жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз кырк беш) сомго долбоор сунушталсын.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.

Талас шаардык кеңешинин төрагасы

А. Джузупбеков
