# Ак-Муз айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 39/4 "Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин “Көзөмөлдүк Кеңешин” түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Муз айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 39/4 "Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин “Көзөмөлдүк Кеңешин” түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 39/4
- Дата принятия: 01.06.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.06.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29768>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3998/edition/760043/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.06.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Муз айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 39/4 "Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин “Көзөмөлдүк Кеңешин” түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.06.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29768

---

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 1-июну № 39/4 Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин “Көзөмөлдүк Кеңешин” түзүү жөнүндө “Көзөмөлдүк Кеңеши жөнүндө” КРнын Мыйзамын ишке ашыруу, бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык пайдаланышын камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 88-б буйруктарын жетекчиликке алып, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинде бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин;

2. Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинде бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Көзөмөлдүк Кеңешинин” курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:

1. Садыкова Чолпон- ата-энелер комитетинин төрайымы;

2. Жумакадыров Талантбек-айыл өкмөтүнүн соц. адиси;

3. Сопиева Гүлина-мед. айым;

4. Каленова Назира-ата-энелер;

5. Даутова Гүлнара-ата-энелер;

6. Мокешов Урмат-айылдык Кеңештин депутатты;

7. Төлөмүшов Азат-айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы;

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго, мектеп директору И. Абдыкапаровага тапшырылсын.

Төрага

Б. Абдыбеков
