Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Муз айылдык кеңешинин «Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин “Көзөмөлдүк Кеңешин” түзүү жөнүндө» токтому
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 39/4 Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин “Көзөмөлдүк Кеңешин” түзүү жөнүндө “Көзөмөлдүк Кеңеши жөнүндө” КРнын Мыйзамын ишке ашыруу, бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык пайдаланышын камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 88-б буйруктарын жетекчиликке алып, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинде бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин;
2. Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинде бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Көзөмөлдүк Кеңешинин” курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Садыкова Чолпон- ата-энелер комитетинин төрайымы;
2. Жумакадыров Талантбек-айыл өкмөтүнүн соц. адиси;
3. Сопиева Гүлина-мед. айым;
4. Каленова Назира-ата-энелер;
5. Даутова Гүлнара-ата-энелер;
6. Мокешов Урмат-айылдык Кеңештин депутатты;
7. Төлөмүшов Азат-айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго, мектеп директору И. Абдыкапаровага тапшырылсын.
Төрага
Б. Абдыбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О Правительстве Кыргызской Республики»Закон · 18.06.2012 · № 85 · Утратил силу