# Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 13.04.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.04.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/297072>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-39834/edition/849414/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.04.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.04.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/297072

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VI сессиясы (VII чакырылыш)

2017-жылдын 13-апрели №13 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын редаксияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо 420,4 миң сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багытто милдети жүктөлсүн

3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

М. Нуржакыпов
