Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
2017-жылдын 2-февралы № 38 “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө” Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 мыйзамдарынын редаксияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтуу бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы учун толом жайыт салыгын кошпогондо 420,4 мин сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
Э. Сагынбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О пастбищах")»Закон · 07.05.2016 · № 56 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах»Закон · 28.12.2011 · № 254 · Утратил силу