Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ноокат шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 3- февралындагы № X-20 «Ноокат шаарынын аймагындагы мектептерге, мектеп-интернатына жана балдар бакчаларына штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө” токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2018-жылдын 3- февралы № X-20 «Ноокат шаарынын аймагындагы мектептерге, мектеп-интернатына жана балдар бакчаларына штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомунун 4-пунктунда 136 класс комлектке 1 штат бирдиги жана 22 группага 1 штат бирдиги жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо көрсөтүлгөн. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептерге, мектеп-интернатына жана балдар бакчаларына штат бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы балдар бакчаларына 2(эки) штат бирдиги бекитилип берилсин, эмгек акысы үчүн 2111 беренесинен 174 000 сом, соц.фонду үчүн 2121 беренесинен – 30 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Гафаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу