# Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 03.10.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.10.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/296435>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-39374/edition/850489/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.10.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому (ред. от 09.10.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/296435

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Таш-Булак айылдык кеңешинин V-чакырылышы VI- сессиясы

2013-жылдын 09-октябры № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы №30 Мыйзамынын1-беренесинин 2-бөлүгүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын нормативдик- укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 27-28- беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743, 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик-укутук актылары жөнүндө” Жоболордун талаптарына ылайык, Таш-Булак айылдык кеңешинин сессияларын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү каамсыз кылуу максатында, Таш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынып жаткан токтомдору (тиркемелери менен) жана мындан кийинки 2014-жыл ичинде кабыл алынуучу токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Таш-Булак айылдык кенешинин төрагасы Х.Султановго жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.

Төрага

Х.Султанов
