Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндөгү Түштүк регионалдык жүрөк жана кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жер тилкесинин зонасын өзгөртүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 3 Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндөгү Түштүк регионалдык жүрөк жана кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жер тилкесинин зонасын өзгөртүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеӊешке Түштүк регионалдык жүрөк жана кан тамыр хирургиясы илимий борборунун 12.10.2016-жылдагы жазган чыг.№105-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуна таянып Жалал-Абад шаардык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 24.05.2006-жылдагы №3-токтом менен бекитилген “Жалал-Абад шаарында жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXIX-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсү №27 дарегинде жайгашкан Түштүк регионалдык жүрөк жана кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жалпы аянты 31977,8 чарчы метр болгон жер тилкеси «П» (өнөр жай) зонасынан «С-1» (саламаттыкты сактоо мекемелери) зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Э. Ормоков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Жалал-Абадский городской кенеш от 24 мая 2006 года № 3 "Об утверждении новой редакции «Правил застройки и землепользования в г. Жалалабат"Постановление · 24.05.2006 · № 3
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · Утратил силу