# Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/4 "Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/4 "Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23/4
- Дата принятия: 10.02.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.02.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29550>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3780/edition/781126/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.02.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/4 "Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө" токтому (ред. от 10.02.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29550

---

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Будалык айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезектеги 23 заседаниясы

2016-жылдын 10-февралы № 23/4 Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“ бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 жана Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата-энелер чогулушунун 18.01 2015-жылдагы төлөмдөр жөнүндө чогулушунун № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып, Будалык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларынан ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларына ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчысы Чолпон Осмоновага жана Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.

3. 2016-жылдын июнь, июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин

Будалык айылдык кеңешинин төрагасы

У. Асанов
