Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Будалык айылдык кеңешинин «Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө» токтому
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Будалык айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезектеги 23 заседаниясы
2016-жылдын 10-февралы № 23/4 Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“ бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 жана Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата-энелер чогулушунун 18.01 2015-жылдагы төлөмдөр жөнүндө чогулушунун № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып, Будалык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларынан ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларына ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчысы Чолпон Осмоновага жана Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. 2016-жылдын июнь, июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы
У. Асанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О дошкольном образовании»Закон · 29.06.2009 · № 198 · Утратил силу