# Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298 /39-6 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298 /39-6 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 298/39-6
- Дата принятия: 11.11.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.11.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29473>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3703/edition/769003/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.11.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298 /39-6 "Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 11.11.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29473

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз XXXIХ сессиясы

2016-жылдын 11-ноябры № 298 /39-6 Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Талас облустук Прокуратурасынын 04.11.2016-жылдагы 11/4-16 чыгыш сандуу Каршылык билдирүүсүнүн негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №93/10-6 сандуу “Элдик-Нан” муниципалдык ишканасын Талас шаарынын № 5 мектебине жайгаштырууга макулдук жөнүндө токтомун Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 46-беренесинин талаптарына ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы 93/10-6 сандуу “Элдик-Нан” муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылсын.

2. 2017-жылдын январь айына карата “Элдик-Нан” муниципалдык ишканасын (боордош Түркия мамлекетинен бекер келген нан бышыруучу кичи заводду жабдыктары менен) № 5 мектептин имаратынан алып, башка имаратка көчүрүү жана иштетүү жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы (Мэр А.К.Кушубековго) милдеттендирилсин.

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.

Талас шаардык кеңешинин төрагасы

А. Джузупбеков
