# Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/8 "Кең-Жылга айылынын борбордук көчөсүнө ысым коюу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/8 "Кең-Жылга айылынын борбордук көчөсүнө ысым коюу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 37/8
- Дата принятия: 27.09.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.09.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29416>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3646/edition/752744/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.09.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 37/8 "Кең-Жылга айылынын борбордук көчөсүнө ысым коюу жөнүндө" токтому (ред. от 27.09.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29416

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 37-заседаниясы

2016-жылдын 27-сентябры № 37/8 Кең-Жылга айылынын борбордук көчөсүнө ысым коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы Абдразаков Муратбектин үйүнөн баштап, Ж.Алимов атындагы орто мектебине чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдылдаев Турду атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Жылга айылындагы Абдразаков Муратбектин үйүнөн баштап, Ж.Алимов атындагы орто мектебине чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Абдылдаев Турду атындагы көчөсү болуп аталсын.

2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Маназаров
