# К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 25/1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүү жөнүдө"токтому

- Полное наименование: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 25/1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүү жөнүдө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25/1
- Дата принятия: 28.07.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.07.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29329>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3561/edition/754018/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.07.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 25/1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүү жөнүдө"токтому (ред. от 28.07.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29329

---

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2016-жылдын 28-июлу № 25/1

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө 2016-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн кеңешменин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXV кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145, 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Алай райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2. Келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө статистика маселеси максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын Мамлекекттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык статистика маселесин аткарып жаткан адиске башкы адистик маянасы төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешининин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

Ч. Канкиева
