Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка жыйым өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 29-сессиясы (V шайланган)
2017-жылдын 25-апрели №29\10 Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка жыйым өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 14.04.1994-жыл № 1480-Х11 “Салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү” Мыйзамынын 12 статьясынын 1 жана 2-бөлүмчөсүн жетечиликке алып жана “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Жороевдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларды алып чыгуу, тазалоо жок кылуу боюнча ар бир кожолукка бир жылга 250 (эки жүз элүү) сом жыйым төлөмү бекитилсин.
2. Кара-Кулжа райондук мекеме-уюмдар жана ишканалар менен келишим түзүү жагы “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Жороевго жүктөлсүн.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу, тазалыкты, жашылдандырууну, корктондурууну жана жарыктандырууну камсыздоо жагы А.Жороевге тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндөгү типтүү” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Бюджет жөнүндөгү кодекстерин талаптарына ылайык ар бир кожолуктан бир жылга 250 (эки жүз элүү) сом жыйым төлөмүн оңдүрүүнү уюштуруу жагы А.Жороевго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдыкадыров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О неналоговых платежах»Закон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Утратил силу