# Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №20 "Инвестицияны колдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №20 "Инвестицияны колдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 20
- Дата принятия: 19.05.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.05.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/292989>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38643/edition/847736/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.05.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №20 "Инвестицияны колдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.05.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/292989

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

2017-жылдын 19-майы №20 Инвестицияны колдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Инвестициялар жөнүндөгү” мыйзамынын 14 – статьясынын негизинде Савай айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша, Савай жана Ынтымак айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө жана таза суу тартууга БУУнун азык түлүк программасы тарабынан аткарылуучу иштерге айыл өкмөтүнүн кошумча салымы 125 миң сом акча каражаты которулуп берилсин.

2. Мыйзам чегинде акча каражатын которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С. Сыдыков
