Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Таш айылдык кеңешинин «Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 2017-жылдын 1-жарым жылдыгындагы аткарган иштери жөнүндө» токтому
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Таш айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезектеги VII cессиясы
2017-жылдын 15-июлу №VII/IV Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 2017-жылдын 1-жарым жылдыгындагы аткарган иштери жөнүндө
Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 1-жарым жылдыктагы аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап айыл кенеши (А/ кеңештин туруктуу комиссиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 1-жарым жылдыктагы аткарылган иштеринин абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
Н. Джаныбаев
Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 1-жарым жылдыктагы аткарган иштери тууралуу Аксакалдар соту боюнча:- -Арыз даттануулар боюнча 13 арыз текшерилип, алардын ичинен
Арыздын себептери жана шарттары боюнча: Мүлктү башка бирөөнүн мыйзамсыз элөөсүнөн кайтарып алуу боюнча-1 -Үй-бөлөлүк чыр чатактар жөнүндө -3 -РИИБ нөн келген материалдарды чечүү боюнча -3 -Көчөнү кеңейтүү жөнундө-2 -Ата-энелердин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдетин аткарбагандыгы жөнүндө -1 -Зыян келтирген мүлктүн ордун толтуруу боюнча -1, 12 миң сом өндүрүлдү. -Райондук ички иштер бөлүмүнө компитенциясынын негизинде жиберилген материал-2. Арыз менен кайрылгандардын билими боюнча: -Жогорку билимдүүсү -1 -атайын орто -2 -орто билимдүүсү-10 -Үй-бөлөлүк абалы боюнча. -Үй-бөлөлүк абалы начары -6. -Үй-бүлөлүк абалы орточосу -4. -Үй-бүлөлүк абалы жакшысы -3. Андан сырткары Кара-Таш айыл өкмөтүнүнө Ноокат мамлекеттик администрациясынан токтом,буйруктар болуп 22 иш кагаз аткарылды. -Облустук жана райондук сот тарабынан келген чечимдердин аткарылышы жана сотко катышуу боюнча- 5. -Башка мекеме уюмдардан келген каттар боюнча -11 -Ошондой эле Ош облустук соту тарабынан 2011-жылдан 2014-жылга чейин Райпого өтүп кеткен 81 га жер боюнча соттошуп Ойулмадагы жер бизге Кара-Таштын эсебине өткөн.Кара-Таш айыл өкмөтү Ноокат керек жарак коомуна 400000 (төрт жүз мин) сом акча каражатын өткөрүп бере турган болгон. Анын ичинен Жаны Ноокат айыл өкмөтү биздин өкмөттүн эсебине 53000 мин сом акча каражатын окөрүп берүү боюнча 2014-жылдын 20-майында акт түзүлүп, ошол бойдон кароосуз калып кеткен. Жер адиси Б. Батыров экөөбүздүн кийлигишүүбүз менен Жаны_Ноокат айыл өкмөтүнөн 76000 мин сом акча каражатын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн эсебине котортук. Ошондой эле Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн эсебине Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жер тилкелери өтүп кеткен суулуу жер 4 га жер, кайрак жерден га жерлерди Б.Батыров жана Б.Мамарасулов баш болуп жерлерди кайтарышка жардам бердим жана салык жыйноо боюнча дагын, салыгын бербей качып жүргөн жарандарды таап, салыктарды өндүрүп, жылда салык боюнча райондун көрсөткүчү боюнча арта калат элек быйылкы жылы 6 айлыкта 4 орунга чыктык бул жакшы көрсөткүч деп эсептеймин. Бул жерде депутаттардын жана имамдардын салык боюнча жакындан жардам бергендигин да белгилеп кетишибиз керек, себеби имамдарга ар бир жумада салык жыйноо, тазалык, камсыздандыруу жана диний экстремистик агымдарга жол бербөө жөнундө элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатты. Ал эми Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы коррупциянын,диний экстремизим жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу аны болтурбоо максатында бир топ иштер аткарылды.Атап айтсак жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулуктун жана ар кандай укук бузуулардын алдын алууда эки гана түшунүк болуш керек. Биринчиси юридикалык түшүнүк ал эми экинчиси ата-бабалардан салтуу дин катары мамлекетибиз кабыл алып берген “Ханафий масхабынын, Матрудия” акыйдасын туура түшүндүрүү.Биринчи юридикалык түшүндүрүү боюнча Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы “2016-2020-жылдарга КРнын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясынын бекитүү жөнүндөгү №122 токтомун ишке ашыруу максатында КРнын юстиция Министирлигинин 2016-жылдын 21 апрелиндеги №81 буйругунун негизинде Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурулган “Тилектештик автобусу” долбору боюнча Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы тарабынан уюштурулган графигинин негизинде Кара-Таш айыл өкмөтүнүн имаратында элдерге укуктук жардам көрсөтүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти. Ал эми өзүбүздүн аракетибиз менен жашы жетпегендердин арасында юридикалык кеңеш берүү боюнча Кара-Таш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн КАПдын мүчөлөрү менен биргеликте мектептерде атайын төгөрөк столдор жана ата-энелер чогулуштарында лекция беседалар өткөрүлдү. Ошондой эле экинчи түшүнүк ислам дининдеги таза динди башкача айтканда КРнын “Ханафий масхабынын Матрудия” акыйдасын элге жана жашы жетпегендерге туура түшундүрүү болуп эсептелет. Себеби азыркы өткөөл мезгилде диний экстремистик агымдар: б.а.Кыргыз Республикасынын жогорку соту тарабынан төмөндөгү партияларга тыюу салынган, “Аль-Кайида, Талибандардын кыймылы,Батыш Түркүстан кыймылы,Курд элинин конгиреси,Батыш Түркүстан кыймылынын организациясы,Хизбут-Тахрир,Ислам группасындагы жихадчылар группасы,Исламдагы Түркүстан партиясы,Исламдагы Өзбекстан кыймылы, Церковдун биригиши-Муна, Жайшул Махди, Джунудь-аль Халифат,Ансарул Аллах, Ал Такфир Вал-Хиджра, Акромия, Саида Бурятского жетекчиси А.Тихомирова, Игил, Джабхат ан-Нусра,Катибат альИмам альБухара, Жаннат Ошиклари деген партияларга Диний экстремистик террорчулар деп жогорку сот тарабынан чечим чыгарылган. Ошондуктан мамлекетибиз кабыл алып берген Ханафий масхабынын Матрудия акыйдасы боюнча элге жана жашы жетпегендерге туура түшүндүрүү азыркы мезгилдин талабы деп эсептеймин. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн диний комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте ушул Ханафий масхабынын, Матрудия акыйдасы боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Андан сырткары коррупциянын алдын алууда да туура диндин ролу чоң, анткени ар бир адамдын аң сезиминде жогор жакта кудай көрүп турат деген сезим, бирөөдүн акысы,акчасын жеш арам болот деген ой пайда болгондо коррупция өзүдөн өзү жок болуп кетет. Ал эми жашы жетпегендерди туура дин менен тарбиялаган болсок, алар жетилгенде: мекенин сүйгөн патриот, ар кандай укук бузууларга, паркорчулукка коррупцияга барбайт. Ошондой эле жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулуктун жана ар кандай укук бузуулардын диний экстремизим.Терроризим алдын алууда Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 4 орто мектеби бир лицейге Ноокат райондук ички иштер бөлүмүн 10 отделдин башчысы милициянын полковниги Исаев Жаныбек аймактык тескөөчү милициянын капитаны Н.Аманбаев депутаттардан дин комитетинин төрагасы Муктарбек уулу Бектурсун ,башкы имам Алимбеков Абдулбары мен өзүм, болуп Диний экстремизим, терроризим деген эмне, алардын ичинде чыныгы дин кандай жана ысрапкорчулук эмнеден келип чыгат деген темада лекция беседалар өткөрүлүп. Ар бир мектептен протколдор жазылып алынып келинди. 2017-жылы биздин Ноокат районунда 2012-жылдын 29-мартында депутаттардын Ноокат райондук кеңеши тарабынан ыксыз чыгымдарды тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан токтомдун аткарылышы боюнча райондук гезитке бир жолу макала бердим. Андан сырткары Ноокат райондук мамлекетик администрациясы тарабынан ыксыз чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке салуу комиссиясынын кийлигишүүсү менен Ноокат райондук башкы имам хатиби М.Турдубаевдин райондун элине жана Ажы сапарына баруучулардын ажыга барып кайтып келгендеги ашыкча чыгашаларды кыскартуу максатында райондун элине кайрылуу жасаган ошол кайрылуунун негизинде Кара-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Ажы сапарына баруучуларга кайрылууну таркатып чыктык. Бул ысрапкерчиликтерди кыскартуу боюнча биздин Кара-Таш айыл өкмөтүнүндө 2006-жылдардан бери өкмөттүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депуттары жана диний комитетинин мүчөлөрү тарабынан бир топ иштерди аткарышкан атап айтсак маркумду акыркы сапарга узатуудагы төрт беш бейшембилик өткөргөндөр эки бейшембилике түшүрүп, андан сырткары жылдык өткөрүүчүлөр жолдорду оңдошуп. Ал эми той өткөрүүчүлөр спорттук мелдештерди уюштурушуп элди биримдикке чакырышып жакшы жөрөлгөлөргө өтүп калышты эле эки жылга жакындап калды кайра жылдыктар өз ордуна түшө баштады. Алардын себеби өкмөт тарабынан имамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 жарлыгы боюнча диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын консепциянсынын негизинде контролдукка алынбагандык болуп эсептелет.Андан сырткары Кыргыз Республикасынын башкы мыйзамы Кониституциябызда жарандардын укуктары тең укуктуулук деп көрсөтүлгөн. Бирок биздин кыргыз мамлекети экиге бөлүнүп калды байлар жана жардылар болуп. Жогорку кенешке шайланган депутаттарыбыздын көпчүлүгү байлар болгондуктан. Ысрапкерчиликтерди кыскартуудагы жарды жашап жаткан жарандардын кызыкчылыгын коргогон мыйзам долбору окуудан өтпөй жаткандыгы өкүнүчтүү болуп жатат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер министри Сооронбай Шарипович Жээнбековго баштагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ысрапкерчиликтерди кыскартуу боюнча чыгарган токтомдорун, башкача айтканда 1999-жылдын 12-майы № 254, 2003-жылдын 3-февралындагы № 42, 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 574 токтомдоруна Кыргыз Республикасынын дин комиссиясы менен биргеликте токтомду иштеп,өзгөртүп, толуктоолорду киргизип беришти жарды жашап жаткан үй-бөлөлөрдүн атынан, өтүнүч катты спец почта аркылуу жиберилди.Анын жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Апаратыны тарабынан төмөндөгүдөй жооп келген. Сиздин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Апаратына жазган катыңыз менен таанышып, чыгып төмөндөгүлөрдү билдирет. Министирлик тараптан, юблейлик иш чараларды өткөрүүнү азайтуу, ошол эле мезгилде, элдик жакшынаккай каада-салттар менен үрп адаттарды өнүктүрүү максатында, республикалык, облустук маданият үйлөрүндө, китепканаларда элдик каада-салттар, үрп адаттардын тарыхы жана учурдагы абалы боюнча бурчтар уюштурулуп, телерадиоберүүдө, республикалык, облустук райондук газеталарда, элдик каада салттарды ашыкча өткөрүүнү токтотуу жөнүндө акыл насааттар, сунуштар жазылып жатат. Ошондой эле,Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, экинчи главасындагы “Адам укуктары жана эркиндиктери белгилегендей”, элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат деп көрсөтүлгөн.
Маалымат берүүчү Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы
А. Мамытов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Указ Президента КР от 14 ноября 2014 года УП № 203 "О Концепции государственной политики Кыргызской Республики в религиозной сфере на 2014-2020 годы"Указ · 14.11.2014 · № 203
- Постановление Правительства КР от 12 мая 1999 года №254 "О развитии прогрессивных форм народных традиций и обычаев"Постановление · 12.05.1999 · № 254 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2003 года №42 " О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 03.02.2003 · № 42 · Утратил силу
- Постановление Правительства от 11 сентября 2009 года N 574 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 12 мая 1999 года N 254 "О развитии…Постановление · 11.09.2009 · № 574 · Утратил силу