# Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 33/4 "Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча" токтому

- Полное наименование: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 33/4 "Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 33/4
- Дата принятия: 15.06.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.06.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/29282>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3516/edition/752660/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.06.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 33/4 "Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча" токтому (ред. от 15.06.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/29282

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 33-заседаниясы

2016-жылдын 15-июну № 33/4 Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырм-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө №203 Жарлыгына таянып Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынын элдерине жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, аксакалдар кенешине, аялдар кенешине, айылдык Кенештин депутаттарына, жамаат башчыларына тапшырылсын.

3. Айыл имамдарынын жана айыл аксакалдарынын мечиттерде жана тажия, аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чындоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Маназаров
