# Катраң Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Катраң Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 09.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/292799>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-38453/edition/846534/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Катраң Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы №8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/292799

---

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Катраң Айылдык кеңешинин кезексиз IV Сессиясы ( VI Чакырылыш )

2017-жылдын 9-февралы №8 Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүмүн эске алуу менен Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш чарага ылайык Катраң айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысы төмөнкүдөй белгиленсин;

Ø Бирканын өздүк наркы ( эки кулагына басылат) 38 (отуз сегиз) сом; Ø Жеке вет сервистердин кызмат акысы үчүн мал башына 22 (жыйырма эки) сомдон;

2. Мыйзам чегинде жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү вет сервистерге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовго тапшырылсын.

Төрага

Бөрүбаев С.Ж.
