Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Катраң Айылдык кеңешинин «Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө» токтому
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин кезексиз IV Сессиясы ( VI Чакырылыш )
2017-жылдын 9-февралы №8 Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтын акысын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүмүн эске алуу менен Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш чарага ылайык Катраң айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысы төмөнкүдөй белгиленсин;
Ø Бирканын өздүк наркы ( эки кулагына басылат) 38 (отуз сегиз) сом; Ø Жеке вет сервистердин кызмат акысы үчүн мал башына 22 (жыйырма эки) сомдон;
2. Мыйзам чегинде жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү вет сервистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага
Бөрүбаев С.Ж.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О ветеринарии»Закон · 30.12.2014 · № 175