Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жумгал айылдык Кеңешинин «Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин кезектеги 5 сессиясы ( XXVII- чакырылыш )
2017-жылдын 10-марты №05\3 Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун
тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 токтомун аткаруу максатында Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жумгал айыл аймагына караштуу баардык ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин;
- ар бир ири мүйүздүү малга басылган бирканын баасы - 40 (кырк) сом
- идентификациялоо жургузгон операторлордун кызматтык акысына
(услугасына) - 30(отуз) сом
- ири мүйүздүү малдарды база түшүрүүдөгү интернеттин кызмттык акысына (услугасына) -10 (он) сом
2. Жумгал айыл аймагындагы ар 1(бир) баш ири мүйүздүү малды идентификациялоо учун, баардыгы болуп 80 (сексен) сом болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде Жумгал айыл аймагындагы ири мүйүздүү малы бар малдын ээлери, идентификациялоо учун бекитилген бааны, ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жургузгон тиешелүү кызматкерлерге, операторлого өз убагында төлөнүшүн көзөмөл жүргүзүү жагы Жумгал айыл Өкмөтүнүн вет адиси Н.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Айтбаев
:
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 декабря 2014 года № 694 "Об утверждении Правил идентификации животных"Постановление · 05.12.2014 · № 694 · Утратил силу