# Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 19.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/292340>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37994/edition/845187/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө" токтому (ред. от 19.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/292340

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 56-сессиясы

2016-жылдын 19-августу №8 “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору” жана үй-булөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйү жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борборунун” жана үй-бүлөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйүнүн кызматкерлеринин айлык маяналары шаардын бюджетинен төлөнүп берилбесин.

2. Жогорудагы борборлор мамлекеттик долбоордун негизинде түзүлгөндүктөн борбордун кызматкерлерине айлык маяналарын мамлекет тарабынан төлөнүп берилүүсүн сунуштоо жагы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Бегалиев
