# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 76/14-4 "“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасы үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 76/14-4 "“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасы үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 76/14-4
- Дата принятия: 06.07.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.07.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/292087>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37743/edition/829818/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.07.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 76/14-4 "“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасы үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 06.07.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/292087

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2017-жылдын 06-июлу № 76/14-4 “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасы үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. биринчи вице-мэри Н.Б.Келдибековдун 2017-жылдын 15-июнундагы чыг.№1124/1-4 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 16-июнундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын от жагуу чарбасын жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берилсин.

2. Бюджеттик насыяны алууга “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын мүлкү күрөө катары коюлсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
