# Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 03-ноябрындагы № 28 "Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 03-ноябрындагы № 28 "Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.12.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/292062>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37719/edition/829752/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.12.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 03-ноябрындагы № 28 "Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.12.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/292062

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 39-сессиясы

2016-жылдын 03-ноябры № 28 Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаты жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен түшкөн 300000 (үч жүз миң)сом акча каражаты төмөнкүдөй багыттарга жумшалсын.

2. Кара-Суу айылдык аймагындагы айыл өкмөтүнүн кеңсесинде интернет байланышы жок болгондугуна байланыштуу интернет булагына туташтыруу үчүн 36300 (отуз алты миң үч жүз) сом каралсын.

3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ТП-802 400квт трансформаторун Талас РЭСинин балансына өткөрүү үчүн 60000(алтымыш миң) сом жумшалсын.

4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесине эмеректерди алуу үчүн 203700(эки жүз үч миң жети жүз) сом жумшалсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Курманалиева
