Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кенешинин «Сүлүктү шаардык кенешинин «21» февраль 2013-жылкы №10 “Сүлүктү шаардык аксакалдар соту жөнүндөгү Жобого толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) V сессиясы
2017-жылдын 29-июну № 23 Сүлүктү шаардык кенешинин «21» февраль 2013-жылкы №10 “Сүлүктү шаардык аксакалдар соту жөнүндөгү Жобого толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана ”Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2016-жылдын 19-апрелиндеги №46 Мыйзамынын талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаардык кенешинин « 21_» февраль 2013-жылкы №10 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаардык аксакалдар соту жөнүндө ЖОБОго төмөнкүдөй толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилсин:
- II- бөлүктүн 3-пунктуна “Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимдерди кийүүсү зарыл” деген подпункт кошулсун.
- Ш-бөлүктүн 6-пунктундагы «шаардык аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон деген сүйлөмдөн кийин –шаарда 5 жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок” деген сөздор менен толукталсын,
-VI- бөлүктүн 9-пункту- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинде аныкталган беренелердин талаптарына ылайык деген подпункт менен толукталсын. -VI- бөлүктүн 9-пунктунун 5-пункту төмөнкү подпунктар менен толукталсын. Аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жазапулдар шаардык бюджетке чегерилет, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталат. Аксакалдар сотунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле ар түрдүү юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен , шаардык кеӊеш бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык каржы башкармалыгына жана шаардык аксакалдар сотуна жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүлүктү шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Азизбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судах аксакалов»Закон · 19.04.2016 · № 46