# Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № I-I "Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу Таш-Дөбө айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик үйүнө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчү бала бакча уюштуруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № I-I "Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу Таш-Дөбө айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик үйүнө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчү бала бакча уюштуруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: I-I
- Дата принятия: 14.09.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.09.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/291664>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37343/edition/822547/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.09.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № I-I "Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу Таш-Дөбө айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик үйүнө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчү бала бакча уюштуруу жөнүндө" токтому (ред. от 14.09.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/291664

---

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы

2016-жылдын 21-апрели № I-I Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу Таш-Дөбө айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик үйүнө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчү бала бакча уюштуруу жөнүндө Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчүбала бакча уюштуруу жөнүндөбош менчик үйүнө,айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын кайрылуусун карап жана Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасыгнын Өкмөтүнүн 2-декабрь 2015-жылдагы № 816 «Кыргыз Республикасыгнын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 «Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алыпТаш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Дөбө айыл аймагындагы айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик бош үйүндө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчүбала бакча уюштурулсун.

2. Кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчүбала бакча ачуу жагы Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,jumgal kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөалуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К. Мойноковго милдеттенирилсин.

Төрага

Сейдикалыкова Ж.
