# Ынтымак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-июнундагы № 6/6 "Ынтымак айыл окмотунун 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ынтымак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-июнундагы № 6/6 "Ынтымак айыл окмотунун 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6/6
- Дата принятия: 03.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/291541>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37235/edition/820786/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ынтымак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-июнундагы № 6/6 "Ынтымак айыл окмотунун 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому (ред. от 03.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/291541

---

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезексиз VI – сессиясы

2017-жылдын 3-июну № 6/6 Ынтымак айыл окмотунун 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттик текшерүү Ынтымак айыл окмотундо болуп өттү. Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл окмоту боюнча 35,1 мин сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде сапар чыгымдарына дебитордук карыз 5,2 мин сом, отчет алынуучу жоопкерлерден 8,8 мин сом жалпы 14,0 мин сом акча каражаты айыл окмотунун кассасына кириш ордерлери менен кириштелди. Максатсыз чыгымдалган акча каражаты 12,6 мин сом, акы корсотулгон иштер учун киреше салыгына 4,4 мин сом,соцфонд толомдоруно 4,1 мин сом кармалбаган. Ынтымак айыл окмотунун жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, Ынтымак айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекеме ишканаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттин киреше жана чыгаша тарабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансалык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.

2. Айыл окмотунун башчысы Н. Жоробеков жана ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж. Разакова аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы максатсыз жумшалган 12,6 мин сом акча каражатын 2017-жылга каралган жергиликтуу бюджетинин эсебинен Р 70491 2215 статьясынан 2221 статьясына жылдыруу жагын жана эсептелбей калган 4,4 мин сомдук киреше салыгын, соцфонд толомдору 4,1 мин сомду өндүрүүнү жана тийиштуу бюджеттерге которуу жагы милдеттендирилсин.

3. Эсеп-кысап иштерин начарлатып жиберген жана тартип бузууларга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо жагы жана мындан ары финансалык катачылыктарга жол бербоо боюнча иш алып баруусу айыл окмот башчысына жуктолсун.

4. Жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

5. Айыл окмотунун финансы бөлүмүнө Ынтымак айыл округунда бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192-П буйругуна негиз жаңы план счет менен баланс түзүүнү талап кылуу милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн мекеме, уюмдар менен оз ара эсептешуулорду жургузуп, дебитордук карыздарды кайтаруу боюнча иш чаралар белгиленсин.

6. Токтомдун аткарылышын “Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Абдикулов
