Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ынтымак айылдык Кеңешинин «Ынтымак айылдык кеңешинин 5- отурумунун 4-токтому жөнүндө» токтому
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезексиз VI – сессиясы
2017-жылдын 3-июну № 6/3 Ынтымак айылдык кеңешинин 5- отурумунун 4-токтому жөнүндө Ынтымак айылдык Кеңеши Ноокат райондук Прокуратурасы тарабынан 2017-жылдын 30-майында 1/450-17 билдирүү ( протест ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын мыйзамынын,”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча Ынтымак айылдык Кеңешинде жүргүзүлгөн текшерүүдө жогоруда көрсөтүлгөн токтом негизсиз жана мыйзам бузуучулук менен кабыл алынгандыктан токтом негиздер менен бузулуп,жокко чыгарылууга жатат.Ынтымак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-апрелиндеги кезектеги 6-чакырылышынын 5-сессиясынын 5-отурумунун 4-маселесинде каралган токтому 1-пункту менен Ынтымак айыл аймагына караштуу административдик тереториясынан ветеринардык сервис куруу үчүн 0,03 га жер аянты ажыратылып берилсин деп көрсөтүлгөн.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-статьясында көрсөтүлгөн айылдык кеңешинин компентенциясына,тактап айтканда жарандарга юридикалык жактарга курулуш курууга уруксат берүү,жер аянттарын ажыратып берүүчү жергиликтүү Кеңештердин компентенциясына кирбей тургандыгын баса белгиленген.Бул жагдайлар жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча Ынтымак айылдык Кеңешинин тескөөсү таандык эмес экендигин аталган мыйзам белгиленген.Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндөгү” мыйзамдарын 21-статьясынын негизинде айылдык Кеңеши төмөнкүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-апрелиндеги 6-чакырылышынын 5-отурумунун 4-токтому жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарын бузуу менен кабыл алгандыктан,бузулуп жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын өзүмө калтырам.
Төрага
А. Абдикулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О прокуратуре Кыргызской Республики»Закон · 17.07.2009 · № 224 · Утратил силу