Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Турпак айылдык кеңешинин «Ак- Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016 – жылга аткарылыш 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылдарга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын V чакырылышы
2017-жылдын 26-январы № 1 Ак- Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016 – жылга аткарылыш 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылдарга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылуусу, 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 505 –VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын бюджеттик резолюциясында жана 2018-2019-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарда жана багыттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 2017-жылдын 1-январынан баштап ишке кирүүсүн эске алуу менен түзүлүп, айылдык кеңештин бюджет экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Кожоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы кирешелер бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 18576,1 миң сом, чыгаша бөлүгү атайын чыгаша каражаттарды кошкондо 19187,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер бөлүгүн 20338,7 миң сом чыгашалар бөлүгү 20338,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана
2018-жылга 20578,5 миң, 2019-жылга 20899,0 миң сом божомолдору бекитилсин.
3. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө чегерүүлөр 2017-жылга № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүмүнө чегерүүлөр 2017-жылга № 2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн божомолдуулугу 2018-2019-жылдарга № 3,4 тиркемеге ылайык аныкталсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак аш,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул ) жүргүзүлөт.
7. Чыгашаларды корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
8. Бекитилген каражаттар казналыктын регионалдык бөлүмүнө айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга жергиликтүү бюджети 2017 – жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешин бюджеттик экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Имаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 мая 2016 года № 505-VI "О Бюджетной резолюции Кыргызской Республики на 2017 год и прогнозе на 2018-2019 годы"Постановление · 12.05.2016 · № 505-VI