# Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 2 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 2 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 23.05.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.05.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/291513>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37207/edition/820852/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.05.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 2 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.05.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/291513

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 23-майы № 2 Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:

1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Бакай-Ата райондук “Айыл жарчысы” гезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси Н.Аманов жана Мониторинг тобунун төрагасы Б.Төрөкуловго жүктөлсүн.

Төрага

И.Жумабеков
