# Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 12/5 "Жазы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча"

- Полное наименование: Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 12/5 "Жазы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча"
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/5
- Дата принятия: 17.04.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.04.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/291481>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37175/edition/820924/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.04.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 12/5 "Жазы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча" (ред. от 17.04.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/291481

---

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жазы айылдык Кеңешинин Vl чакырылышынын кезектеги V- сессиясы

2017-жылдын 17-апрели № 12/5 Жазы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясында күн тартибиндеги калктуу конуштарды желерин кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнундө” токтому менен бекитилген жобого ылайык жер комиссиясынын отчету жана аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаев төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү айтты. Жазы айыл өкмөтүндө 2016-жылы бардыгы болуп 9 атуулга үй курууга чек берилген. Анын ичинен өзү иштетип жургөн жеринен огородунан 4 атуулга берилген. Генпландын негизинде 4 атуулга үй куруугу чек берилген 1 атуулдун 4 баласы бар, 2 атуулдун 3 баласы бар ал эми 1 атуулдун 5 баласы бар бардыгы жер комиссиянын актысынын негизинде берилген. Ал эми 1 атуулга МЧС тин корутундусунун негизинде үй курууга чек берилген. Бардыгына тең архитектуралык документери даярдалып жана нормалардын негизинде үй куруу үчүн чектери тартылып берилген. Бүгүнкү күнү айыл өкмөт боюнча \_\_\_\_\_\_ атуул жеке менчик турак үй салуу боюнча кезекте турат Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жазы айыл өкмөтундө калктуу конуштарды жерлерин кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнундө” жобого ылайык алып барып жаткан иштери көңүлгө алынсын.

2. Милдеттендирилсин Жазы айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 06.05. № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген жобонун талаптарын так аткаруу жагы

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба, энергетика курулуш, байланыш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.Акматов
