Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жазы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жазы айылдык Кеңешинин Vl чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
2017-жылдын 17-апрели № 12/5 Жазы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6- майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясында күн тартибиндеги калктуу конуштарды желерин кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнундө” токтому менен бекитилген жобого ылайык жер комиссиясынын отчету жана аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаев төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү айтты. Жазы айыл өкмөтүндө 2016-жылы бардыгы болуп 9 атуулга үй курууга чек берилген. Анын ичинен өзү иштетип жургөн жеринен огородунан 4 атуулга берилген. Генпландын негизинде 4 атуулга үй куруугу чек берилген 1 атуулдун 4 баласы бар, 2 атуулдун 3 баласы бар ал эми 1 атуулдун 5 баласы бар бардыгы жер комиссиянын актысынын негизинде берилген. Ал эми 1 атуулга МЧС тин корутундусунун негизинде үй курууга чек берилген. Бардыгына тең архитектуралык документери даярдалып жана нормалардын негизинде үй куруу үчүн чектери тартылып берилген. Бүгүнкү күнү айыл өкмөт боюнча ______ атуул жеке менчик турак үй салуу боюнча кезекте турат Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтундө калктуу конуштарды жерлерин кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнундө” жобого ылайык алып барып жаткан иштери көңүлгө алынсын.
2. Милдеттендирилсин Жазы айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 06.05. № 177 “Жеке менчик турак жай куруу үчүн участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген жобонун талаптарын так аткаруу жагы
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба, энергетика курулуш, байланыш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.Акматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Положение о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство (Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177)Положение · 06.05.2005 · № 177