Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Мады айылдык кеңешинин «Мады айыл өкмөүтүнүндө 2016-жылдын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2017-жылга божомолун бекитүү жөнүндө» токтому
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мады айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 11-февралы № 8 Мады айыл өкмөүтүнүндө 2016-жылдын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2017-жылга божомолун бекитүү жөнүндө Мады айыл өкмөтүндө 2016-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2017-жылга божомолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финасы –экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Шабдановдун билдирүүсүнүн угуп Мады айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылга карата Мады айылдык округдук кенешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 37310,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен жайыт комитетинин бюджетинин киреше,чыгашасы 360,0 мин сомго, «Мады тазалык» муниципиалдык ишканасынын киреше чыгаша бюджети 840,0 миң сомго , ал эми атайын каражаттар эсебинен 7812,0 миң сомго бекитилсин.
2. Айылдык округунун аймагындагы мекеме ишканалар атайын эсеп каражаттарына түшкөн акча каражаттарын аймактык казына бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүшсүн,өз алдынча кассадан чыгымдоого жол берилбесин.
3. Атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүлсүн жана корголгон статьяларды биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын.(эмгек акы,соц.фонд,тамак аш ж.б).
4. Штаттык бирдиктерге карата сметада каралган эмгек акы фондунан ашыкча чыгымдоого жол берилбесин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №323 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратында жалпы саны 39 штат: 10айыл башчы (эмгек акылары жетектөөчү адистин денгээлинде эсептелсин),5 ВУС инспектору жана 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 токтомунун негизинде мадиният кызматкерлеринин жалпы саны 8 штат,анын ичинен 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
7. Биринчи жана экинчи жарым жылдыкта айыл өкмөтүнүн башчысына,ФЭБ башчысына айылдык кенештин финансы бюджет жана инветицияларды тартуу боюнча комитетинин макулдугу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
8. Мады айыл өкмөтүнүн негизги бюджетинин эсебинен балдар бакчаларында тарбияланып жаткан ар бир балага тамак ашы үчүн бир күнгө 8 сомдон каражат бөлүп каржылоого уруксат берилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын негизги бюджеттен калган калдык кирешесинин эсебинен 1474,5 миң сом, атайын каражаттар эсебинен 896,4 миң сом акча каражаты 2017-жылга кошумча смета болуп бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешесинин эсебинен 283,7 миң сом резервдик фондко киргизилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн электр энергиясына болгон карызы үчүн 1074,5 миң сом акча каражатты которууга уруксат берилсин.
12. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин долбоору 29317,5 миң сомго,ал эми 2019-жылга 30536,9 миң сомго бекитилсин.
13. Бул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин финансы бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.Асанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 28 мая 2012 года № 323 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 28.05.2012 · № 323 · Утратил силу