Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талаа-Булак айылдык кеңешинин «Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктериин бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
2017-жылдын 17-январы № 3/2 Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктериин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык түзүлгөн Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктери жөнүндө айыл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Жолдошбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун тиркемесине ылайык түзүлгөн Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык түзүмү бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Комсомол айылында жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүнү уюштуруу максатында 1,0 штат айыл башчынын жана айыл аймагында жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн аскердик-эсепке алуу столунун инспектору 2,0 штат бирдиктери болуп бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомун аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Жолдошбек уулуна тапшырылсын
Төрага
Р.Эсекеев
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышын кезектеги III-сессиясынын 17.03 2017 -ж № 3/2 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2017-жылга карата штаттык бирдиктеринин түзүлүшү
№
Кызматтын аталышы
Штаттык сан
Эскертүү
1
2
3
4
1
Башчы
1
2
Жооптуу катчы
1
3
Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы-башкы бухгалтер
1
4
Жер, айыл чарба маселелери боюнча башкы адис
1
5
Кирешелер боюнча башкы адис
1
6
Инвеститция жана долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адис- Юрист
1
7
Мал чарбачылык жана ветеринариялык тейлөө боюнча жетектөөчү адис
1
8
Жер, турак жай-комм-к масселелер ж-а өзгөчө кыр-р б-ча жетектөөчү адис
1
9
Айыл башчы жетектөөчү адис
1
10
Социалдык коргоо боюнча адис
1
11
Экономика жана статистика боюнча адис
1
12
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору адис
2
13
тазалоочу
1
14
кароолчу
1
Баардыгы:
15
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу