# Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 7/5 "Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 7/5 "Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7/5
- Дата принятия: 17.02.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.02.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/291118>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36843/edition/786069/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.02.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 7/5 "Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.02.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/291118

---

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниеси

2016-жылдын 17-февралы № 7/5 Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337 – статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чөп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1 га жерге 13.85 сом төлөнсө аны 3 эсеге көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, талкуулоонун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйтүлсүн.

2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.

3. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоо салык кызматкери К. Абжалиевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго тапшырылсын.

Төрага

У. Кадыркулов
