Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин «Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө» токтому
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниеси
2016-жылдын 17-февралы № 7/5 Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337 – статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чөп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1 га жерге 13.85 сом төлөнсө аны 3 эсеге көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, талкуулоонун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйтүлсүн.
2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоо салык кызматкери К. Абжалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго тапшырылсын.
Төрага
У. Кадыркулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 31.12.2014 · № 182 · Утратил силу