# Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 1 "Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 1 "Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 16.04.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.04.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/290924>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36649/edition/772473/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.04.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 1 "Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.04.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/290924

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кеңешинин XXVI сессиясы

2016-жылдын 16-апрели № 1 Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө” № 114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясы жактырылсын.

2. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ленин айыл өкмөтүнүн жер балансасын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Ленин айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы депутат А. Тунгатаровко жүктөлсүн.

Төрага

Б. Токтосунов
