Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Мангыт айылдык кеңешинин «Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдагы жылдык бюджетинин аткарылышынын жана 2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитγγ жѳнγндѳ» токтому
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мангыт айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 22-23 Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдагы жылдык бюджетинин аткарылышынын жана 2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитγγ жѳнγндѳ Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн финансы-экономика бѳлγмγ тарабынан айылдын экономикалык жана социалдык ѳнγгγγсγнγн 2015-жылдын индикативдик кѳрсѳткγчтѳрγнѳ ылайык даярдалып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан сунуш кылынып, айыл башчыларынын, бюджеттик мекемелерин жетекчилеринин катышуусу менен айылдык кеңештин туруктуу комиссия тарабынан жактырылган Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетти бекитγγ жѳнγндѳгγ маселени карап жана талкуулап Мангыт айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015 - жылга карата тγзγлгѳн Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин кирешелер бѳлγгγ 01.01.2015-жылга карата калдык менен кошуп эсептегенде 8545,4 миң сом ал эми чыгаша бѳлγгγ 7901,3 миң сом жана кирешенин чыгашадан 644Д миң сом артыкчылыгы менен бекитилсин. айылдык бюджеттин киреше жана чыгаша бѳлγгγ № 1 ылайык кабыл алынсын.
2. Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн финансы экономика бѳлγмγнγн 2015-жылдагы бюджетинин статьялар боюнча аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
3. 2016-жылга Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин кирешелер жана чыгаша 8343,0 миң сомго бекитилсин. Кирешелеринин булактары жана чыгымдоолору № 2 тиркемеге ылайык алымча кошумчасы менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
4. Айылдык бюджетинин 2016-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы 644Д миң сом акча каражаттарынын пайдалануусу № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
5. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинен теңдоочу гранттардын ѳлчѳмγ № 4 тиркемеге ылайык 3935,1 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында айылдык бюджети γчγн бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
6. 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен теңдѳѳчγ гранттардын ѳлчѳмдѳрγнγн болжолу № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын. (Тиркеме тиркелет).
7. Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерγγлѳр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жγргγзγлѳт. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мγмкγн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо γчγн жоопкерчилик Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн каржы бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
8. Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн администрациясы тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу:
- эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бѳлγгγн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 3-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине ѳзгѳртγγ киргизγγгѳ:
- кирешелердин болжолдонгондон ашыкча тγшγγлѳрγнγн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бѳлγгγн кѳбѳйтγγнγ карап чыгууга:
Киргизилген ѳзгѳртγγлѳр Мангыт айылдык кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат. Сатуудан алынуучу салык айылдык бюджет γчγн 50 пайыз ѳлчѳмγндѳ чегерилсин. Кирешеден алынуучу салык айылдык бюджет γчγн 50 пайыз ѳлчѳмγндѳ чегерилсин. Транспорт салыгы, жер салыгы, патенттин негизинде алынуучу салык, КБФ жерлеринин ижара акысы, кыймылсыз мγлк, салыгы, муниципалдык менчиктин ижара акысы, таштандыларды ташып чыгаруу γчγн салык, мамлекеттик пошлина, административдик штрафтар, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуудан тγшγγлѳр, ата-энелер тѳлѳмдѳрγ толугу менен 100 % айылдык бюджетке чегерилсин.
9. Мангыт айыл ѳкмѳтγ тарабынан сунуш кылынган аппараттын штаттык бирдиктери жергиликтγγ бюджеттин эсебинен каржылоого сарпталуучу каражаттар № 4-5- тиркемеге ылайык бекитилсин. КР Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384-токтомунун № 4 тиркемесинин негизинде жана баало комиссиясынын протоколунун таянуу менен кийинки кадамга ѳткѳн кызматкелерге эмгек акы аныктоодо колдонулуучу коэфиценттердин тарамы боюнча тѳлѳнγп берилсин. Айыл ѳкмѳтγнγн командировкалык чыгымдары эсебинен айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлерине атайын эсептин негизинде жол акы тѳлѳп берилсин. КР Ѳкмѳтγнγн 8-июлундагы № 403-токтомунун 2 - пунктуна ылайык Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн 3 штаттык бирдик ВУС инспекторлору жана айыл ѳкмѳтγнγн караштуу 4 айылда 4 штаттык айыл башчылары бекитилсин.
10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына бюджетти толуктоо жана бюджеттик саясатты уюштуруу боюнча жγргγзγлγп жаткан иштерге кѳмѳк кѳрсѳтγγ милдеттендирилсин.
11. Чечимдин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Торобаев
Мангыт айылдык кеңешинин XXII сессиясынын № 22-23 Токтомуна №1 тиркеме
2015-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин аткарылышы: 1 . К И Р Е Ш Е Л Е Р : миң сом менен Жеке жактарга киреше салыгы 1264.8 Жеке ишкерлерге бирдиктγγ салык 21.8 Патенттен алынуучу салык 269.9 Кыймылсыз мγлк салыгы 21.1 Транспорт салыгы 927.2 γй тамаркалардын жер салыгы 147.7 Yлγш жерлиринин жер салыгы 384.8 Айыл чарбасы багытындагы эмес жерлердин жер салыгы 28.9 Сатуудан алынуучу салыктар 641.1 КБФ жерлеринин ижара акысы 503.0 Роялти 4.4 Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди ижара акысы 33.0 Муниципалдык менчиктин ижара акысы 1,2 Таштандыларды ташуу боюнча жыйым 37,7 Мамлекеттик пошлина 73,0 Атайын каражаттар ' 298,9 Административдик штрафтар 74,5 Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу 1,0 Теңдештирγγчγ грант 3466,7 Электр энергиясы γчγн 214,0 2014-жылдан калган калдык 130,7 Кирешелердин жыйынтыгы: 8545,4 миң сом. 2 . Ч Ы Г А Ш А Л А Р :
- Мамлекеттик кызмат бѳлγмγнѳ - 4432,4
- Билим берγγгѳ - 2139,9
- Социалдык камсыздоого - 91,3
- Маданият бѳлγмγнѳ - 548,7
- Айыл чарбасына - 454,0
- ЖКХ - 235,0
Бардык чыгашалар: 7901,3 мин сом.
Мангыт айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: А. Мурзажанов
Мангыт айылдык кеңешинин XXII сессиясынын № 22-23 токтомуна № 2 тиркеме
2016-жылга карата айыл окмотунун бюджета
1. К И Р Е Ш Е Л Е Р: миң сом менен
Жеке жактарга киреше салыгы 1558,0 Жеке ишкерлерге бирдиктγγ салык 3,0 Патенттен алынуучу салык 200,0 Кыймылсыз мγлк салыгы 21,8 Транспорт салыгы 510,0 Yй тамаркалардын жер салыгы 146,0 Yлγш жерлиринин жер салыгы 311,1 Айыл чарбасы багытындагы эмес жерлердин жер салыгы 20,0 Сатуудан алынуучу салыктар 614,0 Жаратылыш ресурстарын пайдалан-гы γчγн акы тѳлѳѳ 140,0 КБФ жерлеринин ижара акысы 518,0 Муниципалдык менчиктин ижара акысы 30,0 Таштандыларды ташуу боюнча жыйым 36,0 Мамлекеттик пошлина 50,0 Атайын каражаттар 200,0 Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу 50,0 Теңдештирγγчγ грант 3935,1 Кирешелердин жыйынтыгы: 8343,0 миң сом.
2. Ч Ы Г А Ш А Л А Р :
Мамлекеттик кызмат бѳлγмγнѳ - 4548,3 Билим берγγгѳ - 2308,9 Социалдык камсыздоого - 91,3 Маданият бѳлγмγнѳ - 633,5 Айыл чарбасына - 323,0 ЖКХ - 438,0 Бардык чыгашалар: 8343,0 мин сом.
Мангыт айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: А. Мурзажанов
Мангыт айылдык кеңешинин XXII сессиясынын № 22-23 токтомуна № 3 тиркеме
Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылдан калган калдыгынын пайдалануусунун ѳлчѳмдѳрγ
№ п-п
Аталышы
Берене Берененин
Берененин аталышы
Суммасы
1
Мамлекттик кызмат бѳлγмγнѳ
22154900
Ар турдуу чыгымдар
68,1
2
Билим берγγ бѳлγмγнѳ:орто мкетептер
22321100
Электр энергиясына тѳлѳм
423,0
3
Билим берγγ бѳлγмγнѳ:орто мектептер
22154900
Ар тγрдγγ чыгымдар
70,0
4
Атайын капажаттар (балдар бакчасынын тамак аш продуктыларына)
22181100
Тамак аш продуктуларын сатып алуу
83,0
Бардыгы
644,1
Мангыт айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: А. Мурзажанов
Мангыт айылдык кеңешинин XXII сессиясынын № 22-23 токтомуна № 4 тиркеме
Мангыт айылдык округунун 2016-жылга айылдык бюджетинин республикалык бюджеттен берилγγчγ теңдештирγγчγ гранттардын ѳлчѳмдѳрγ.
№ п-п
Аталышы
Суммасы (миң сом.)
Мамлекеттик кызмат бѳлγмγнѳ
39,351
Баардыгы :
39,351
Мангыт айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: А. Мурзажанов
Мангыт айылдык кеңешинин XXII сессиясынын № 22-23 токтомуна № 5 тиркеме
Мангыт айылдык округунун 2017-2018-жылдарга айылдык бюджеттин республикалык бюджеттен берилγγчγ теңдештирγγчγ гранттардын ѳлчѳмдѳрγ
№
Аталышы
2016-жылга
2017-жылга
1
Мамлекеттик кызмат бѳлγмγ
3745,6
3725,3
Бардыгы:
3745,6
3725,3
Мангыт айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: А. Мурзажанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 384 "Об условиях оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2013 · № 384 · Утратил силу