Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кербен шаардык кеңешинин «Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын «Мыктар-АЗСнен Кашка-Суу айылына карай кеткен көчөгө Базарбаев Жунусалынын ысмын берүү жөнүндө» токтому
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 16-августу № 24/9 Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын «Мыктар-АЗСнен Кашка-Суу айылына карай кеткен көчөгө Базарбаев Жунусалынын ысмын берүү жөнүндө «КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын «Мыктар-Ата» АЗСнен Кашка-Суу айылына карай кеткен көчөгө Базарбаев Жунусалынын ысмын берүү жөнүндө элдик жыйындын токтомдорун жана Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 16-июнундагы № 22 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын «Мыктар-Ата» АЗСнен Кашка-Суу айылына карай кеткен көчөгө Базарбаев Жунусалынын ысмы берилсин жана ал көчө «Базарбаев Жунусалы атындагы көчө» деп аталсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап берсин. Анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге тапшырылсын.
Төрага
К. Бостонов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (1)
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.