# Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 33
- Дата принятия: 07.07.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.07.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/290626>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36351/edition/823820/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.07.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.07.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/290626

---

ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Темир айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2016-жылдын 7-июлу №33 Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө Темир айылдык кеӊеши статистикалык маалыматтарды убагында жыйноо жана жогорку органдарга берип туруу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 2- жана 4- бөлүкчөсүнүн негизинде эл депутаттарынын Темир айылдык кеӊешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2014- ж. № 145-токтому менен бекитилген, КР улуттук статкомунун 31.03.2015 ж. № 10-токтому менен макулдашылган Улуттук Статистика комитетинин мамлекеттик статистика башкармалыгынын Ысык-Көл райондук бөлүмү жана Темир айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишим берилген редакциясында жактырылсын жана бекитилсин.

2. Келишимдин негизинде Темир айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3. Темир айылдык кеӊешинин токтому менен каралган (материалдык жабдууларды өткөрүп жана текшерип алууга макулдашуу комиссиясынын курамына айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистери сунушталсын.

4. Токтомду аткаруу бир айлык мөөнөт менен Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дулатовго, финансы бөлүмүнүн башчысы Ж. Абдыкадыровго жана башкы адис М. Асаналиевге жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Н. Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

К. Чыналиев
