Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кадамжай шаардык кеңешинин «Кадамжай шаарынын мэриясынын 2015- жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылыш кезектеги XXXXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 48/2 Кадамжай шаарынын мэриясынын 2015- жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Кадамжай шаардык кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү», 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Өз алдынча башкаруу органдарынын финансы–экономикалык негиздери жөнүндөгү », 2015-жылдын 31-декабрындагы №233 «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын 2015-жылдын бюджети кирешелер боюнча 51693,5 миң сом, чыгашалары боюнча 44740,6 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 60492,8 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-жылга чыгашалар бөлүгү 60492,8 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-жылга атайын каражаттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 4211,2 миң сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кадамжай шаардык мэриясынын 2017-2018- жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2017-жылга кирешелер жана чыгашалары 69718,0 миң сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык, 2018-жылга кирешелер, чыгашалар 77364,0 миң сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
7. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
8. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
9. Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-жылга бюджети 1-январь 2016-жылдан баштап ишке киргизилсин.
10. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэрии Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б. Бегалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2016 год и прогнозе на 2017-2018 годы»Закон · 31.12.2015 · № 233
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · Утратил силу
- Закон «О финансово-экономических основах местного самоуправления»Закон · 25.09.2003 · № 215 · Утратил силу