# Оргочор айылдык кеңештин 2016-жылдын 12-февралындагы № 139 "Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Оргочор айылдык кеңештин 2016-жылдын 12-февралындагы № 139 "Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 139
- Дата принятия: 12.02.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.02.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/290409>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36134/edition/787031/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.02.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Оргочор айылдык кеңештин 2016-жылдын 12-февралындагы № 139 "Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө" токтому (ред. от 12.02.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/290409

---

ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 139 Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 337-339-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Премьер- Минисрти Т.А. Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу жана айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси Т. Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңештин 26-чакырылышынын 34-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба багытында эмес жерлердин пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык:

- калктуу конуштардын жерлери жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 минден 10 минге чейинки калктуу конуштардын жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.

- калктуу конуштардын чек арасынан тышкаркы жайгашкан жерлер жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 миңден 10 миңге чейинки жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.

2. Токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы У. Асамбаевка тапшырылсын.

3. Токтом 2016-жылдын 4-январынан баштап күчүнө кирсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К. Супатаевка милдетендирилсин.

Төрайым

В. Атакозуева
